Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда кримтөбөл «Бахти Ташкентский» 20 жылга соттолду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 473 | 0

Өзбекстандын Ташкент шаарынын Юнусабад райондук соту Бахтиер Кудратуллаевди («Бахти Ташкентский») бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

19-июлда сот кримтөбөл «Бахти Ташкентскийге» жана дагы 36 адамга карата козголгон кылмыш ишин карады. Сот аны бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты.

«Бахти Ташкентский» деген каймана ысым менен белгилүү 52 жаштагы Бахтиёр Кудратуллаев былтыр 3-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы «караларга» каршы уюштурган ири рейддин жүрүшүндө кармалган.

Буга чейин прокурор Бахтиёр Кудратуллаевдин күнөөсүн ырастаган далилдерди сотко берген. Жеңилдетүүчү жагдайлардын жоктугун эске алып, прокурор үч берене –»ден соолукка атайылап оор залал келтирүү», «ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү», «маңзаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу жана башка аракеттер» боюнча айып коюп, аны 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Былтыр 2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейд өткөргөн. Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Анын алкагында «Бахти Ташкентский» деген каймана ысым менен белгилүү болгон Бахтияр Кудратуллаев, «Саидазиз медгородок» деген каймана ысымы бар Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган. 19-мартта сот Салим Абдувалиевди 6 жылга түрмөгө кескен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM