Биз менен байланышыңыз

Сириядан дагы 22 адам Кыргызстанга алып келинди

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 518 | 0
Сириядан Кыргызстанга алып келинген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл.

Бүгүн, 19-июлда Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлеринде жүргөн 22 кыргызстандык жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын сегизи аял киши, 14ү балдар.

Аларды мекенине кайтаруу АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында ишке ашты.

Быйыл февралда «Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядагы 99 адам Кыргызстанга алып келинген.

2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жараны жана балдар мекенине кайтарылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ташкент шаарында өткөн эксперттик кеңештин жыйынында билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM