Биз менен байланышыңыз

БШК Тазабек Икрамовду депутаттык мандатынан ажыратты

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 364 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Маалыматты БШКдан тастыкташты.

БШК 19-июлдагы жыйынында Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты.

17-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы кабарланган. Бирок кайсы иш боюнча экени маалымдала элек.

Депутаттын өзү менен да байланышуу азырынча мүмкүн боло элек.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак округунан шайланып келген. Парламентте “Элдик” депутаттык тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин мүчөсү.

Ал буга чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын «окутуучу-машыктыруучу» адистиги боюнча аяктаган.

2010-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын бүтүргөн.

2019-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча магистр даражасын алган.

Эмгек жолун 1998-жылы Жалал-Абад облусунун Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик институтунун филиалында дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган.

2000-2007-жылдары жеке ишкер;

2007 – жылдан 2010-жылга чейин — «Элдик чындык»коомдук фондунун төрагасы;

2010-2011-жылдары Соода жана өнөр – жай палатасынын Кытайдагы өкүлү;

2011-2012 – жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун кеңешчиси;

2015- жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган;

2021 –жылдын июнь айынан тарта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.

2021- жылы №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM