Биз менен байланышыңыз

Урсула фон дер Ляйен Еврокомиссияны беш жыл жетектейт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 359 | 0

Европа парламенти Урсула фон дер Ляйенди Европа биримдигинин (ЕБ) аткаруучу комиссиясынын төрайымы кызматына экинчи мөөнөткө бекитти.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

«Дагы 5 жыл. Европарламенттин мага добуш берген бардык депутаттарынын ишеними үчүн канчалык ыраазы экенимди айтып жеткире албайм», – деп жазды ал «X» баракчасына.

Фон дер Лейендин жеңиши 27 мамлекеттен турган блоктун саясатындагы Украинадагы согуш, климаттын өзгөрүшү жана миграция сыяктуу негизги багыттардагы иштин ырааттуу уланышынын камсыздалышы катары бааланууда.

18-июлдагы добуш берүү жабык өттү. Жеңишке жетиш үчүн Урсула фон дер Ляйенге Европарламенттеги 719 мүчөнүн кеминде 360ынын добушу керек болчу. Жыйынтыгында 401 мүчө «макул», 284ү «каршы» деген добушун беришти. Бул кызматка ал алгачкы жолу 2019-жылы шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM