Биз менен байланышыңыз

Экс-министр Бишимбаев жаза мөөнөтүн Акмоло облусундагы абакта өтөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 328 | 0

Казакстандын 24 жылга соттолгон мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жаза мөөнөтүн Акмоло облусундагы катаал режимдеги абакта өтөйт. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жаза аткаруу комитетинин төрагасы Тенизжан Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, Бишимбаев азырынча тергөө абагында кармалууда.

«Ал жакынкы күндөрү Астанага жакын жердеги түзөтүү жайына которулат. Ал Акмоло облусунда жайгашкан», – деди Жаныбеков.

Куандык Бишимбаев жарандык никедеги жубайы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып менен 24 жылга соттолгон. Бул иштин алкагында кылмышты жашырууга айыпталган Бишимбаевдин тууганы Бакытжан Байжанов төрт жылга эркинен ажыратылган.

Казакстандын Акмоло облусунда катаал режимдеги бир нече абак бар. Алар Астанадан 200 чакырым жана андан алыс аралыктарда жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM