Биз менен байланышыңыз

Президенттин Ташкенттеги сапарында ондон ашык документке кол коюлду

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 204 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алар:

-Эки өлкө президенттеринин биргелешкен билдирүүсү, өкмөттөр ортосундагы жашыруун маалыматтарды алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу, 2006-жылдын 3-октябрындагы кыргыз өкмөтү менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол, курулуш мекемелеринин ортосундагы курулуш иштери жаатында кызматташуу жөнүндө протокол, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протокол, маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө протокол.

Мындан тышкары, 2024-2026-жылдарга айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча “Жол картасы”, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция жаатындагы ниеттер жөнүндө протокол, дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы, Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын мэриясынын кызматташтыгы, сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын планы.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен 18-июлда барды. Мамлекеттик сапар бүгүн да уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM