Биз менен байланышыңыз

АКШ президенти Байден кайрадан коронавирус жуктуруп алганы кабарланды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 288 | 0

АКШнын президенти Жо Байден үчүнчү жолу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Оору жеңил өтүп жатканы жана буга чейин Байден бардык зарыл эмдөөлөрдөн өткөнү кабарланды.

81 жаштагы Байден 17-июль күнү Лас-Вегастагы шайлоо алдындагы иш-чарада сөз сүйлөмөк, бирок коронавируска байланыштуу ага катышкан жок.

Жан-Пьердин айтымында, изоляция учурунда президент Делавэр штатындагы үйүндө болуп, «өз милдеттерин аралыктан толук аткарып турат».

Бул Жо Байденде COVID-19 аныкталган алгачкы учур эмес. Буга чейин ал 2022-жылы июлда коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.

АКШда Демократиялык партиянын алдыңкы саясатчыларынын көбү Жо Байденди президенттик жарыштан чыгууга үндөп жатышат. Алардын пикиринде, 81 жаштагы Байден президенттик шайлоодо республикачы талапкер Дональд Трампка ийгиликтүү атаандаштык көрсөтө албайт, жеңишке жеткен күндө да кийинки төрт жылда натыйжалуу иштей албайт.

27-июндагы талапкерлердин теледебатынан кийин Байденди өз талапкерлигин алууга көндүрүү аракеттери күчөдү. Байден дебаттагы ийгиликсиздигин эл аралык сапарлардан кийин чарчап калганы менен түшүндүргөн.

Азырынча президент талапкерлигин алуудан баш тартууда.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөт. Формалдуу түрдө Байдендин талапкерлиги демократтардын августтагы курултайында бекитилиши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM