Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровду аэропорттон Мирзиёев тосуп алды

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 391 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары башталды.

18-июлда мамлекеттик сапар менен Ташкент шаарына барган Садыр Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Ташкент жана Хива шаарларында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM