Биз менен байланышыңыз

Чет элдиктерге Ысык-Көлдөн мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам кабыл алынды

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 497 | 0

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.

Анда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган.

Рекреация объекттери катары  пайдаланылган жер участоктору Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте убактылуу пайдаланууга берилет.

Буга чейин кабыл алынган жарлыкка ылайык, пляждык аймактарга кирүүгө эч кандай чектөөлөр коюлбайт.

«Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамдын демилгечилери депутаттар Балбак Түлөбаев, Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков.

Демилгечилер бул мыйзам Кыргызстандын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна чыгышына жана Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө өбөлгө болорун билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM