Биз менен байланышыңыз

Газага жасалган аба соккуларынан кеминде 57 палестиналыктын өмүрү кыйылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 261 | 0

Израил аскерлеринин 17-июль күнү Газа тилкесинин бир нече бөлүгүнө жасаган аба соккуларынан эң аз 57 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги аймактын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо башкармалыгына шилтеме кылып кабарлады.

АКШда жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө террордук уюм деп табылган ХАМАС тобу Израил тилкеге сокку уруу менен ок атууну токтотуу боюнча араб өлкөлөрүнүн жана АКШнын аракеттерин жокко чыгарууга аракет кылып жатат деп айыптады.

Өз кезегинде Израил Газаны жихадчылардан тазалоо аракетин көрүп жатканын билдирди.

Палестин дарыгерлери Газа тилкесинин түштүк чек арасына жакын жайгашкан Рафах шаарына жасалган аба соккусунан беш палестиналык каза болгонун билдиришти. Рафахтан алыс эмес жердеги Хан-Юнис шаарында соккулардан эки бала жана алардын ата-энеси өлгөн.

Кийинчерээк Израилдин автобуска урган аба соккусунан кеминде 17 палестиналык өлүп, дагы 26 киши жаракат алганы кабарланды. Бул тууралуу Газанын түштүгүндөгү ХАМАС көзөмөлдөгөн медициналык кызматтардын булактары билдиришти.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, дагы 88 миңдей киши жараат алды.

Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо.

Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда. Өз кезегинде Израил антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кылмайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM