Биз менен байланышыңыз

Президенттин иниси кайра кармалганы маалым болду

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 351 | 0

Президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров кайра кармалганы кабарланды. Бишкектин Биринчи май райондук соту Ж.У.Р аттуу жаран 19-августка чейин камакка алынганын тастыктады.

Соттун маалыматына караганда Улан Жапаров Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесине (“Алдамчылык”) менен шек саналып кармалган.

Президенттин тууганы Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деген шек менен 2023-жылы июлда кармалган. Кийин октябрь айында үй камагына чыккан.

Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине 24-июлда берген маегинде иниси Улан Жапаровдун кылмыш иши тууралуу комментарий берген. Ал баарына мамиле бирдей болорун, мамлекетке чыгым келтиргендер төлөшү керектигин айткан.

«Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң. «Менин иним эле» деп камабай койсом, башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда «Бирге жаза, миңге сабак» деген жакшы сөз бар » , — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM