Биз менен байланышыңыз

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти Башкы прокуратура көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 319 | 0

Башкы прокуратура 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча ишти тергөөнү көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан кабарлашты.

Кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилери айтылат.

“Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишти тергөөнүн жүрүшү Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынган” , — деп айтылат маалыматта.

25 жаштагы келин 7-июль күнү ооруканада каза болгону кабарланган. Анын жолдошу жубайы өз өмүрүнө кол салганын айтууда. Туугандары болсо Айтурган Маматкулова киши колдуу болду дешүүдө.

Кыздын апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн билдирген. Кыздын жакындарынын айтымында, анын денесинде гематомалар байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM