Биз менен байланышыңыз

Ошто сел агызып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 401 | 0

Ошто селге агызып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

1985-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сөөгү өзбекстандык куткаруучулар тарабынан 16-июлда Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.

14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Сел беш адамды агызып кеткен.

Мындан тышкары, Кара-Суу районунун аймагында 7,5 миң абоненттин жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Copyright © 2017 Maral FM