Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Нарында наристенин өлүмү текшерилет

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 334 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги Нарында чарчап калган үч жаштагы наристенин өлүмүн текшерет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин наристенин ата-энесинин кайрылуусу социалдык тармактарга тараган. Андагы маалыматтарда наристенин жакындары баланын чарчап калышына медиктердин шалаакылыгы себеп экенин билдиришкен.

Бул ишти иликтөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлдү.

«Комиссия 2021-жылы туулган С.У. аттуу наристеге көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө тууралуу иштерин текшерүүгө киришти. Комиссиянын иликтөөсүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кошумча кабарланат», — деп айтылат маалыматта.

Наристенин өлүмү боюнча ишти иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министр Алымкадыр Бейшеналиев өз көзөмөлүнө алды.

Copyright © 2017 Maral FM