Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трамптын талапкерлиги президенттик кызматка көрсөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 321 | 0

АКШнын Милуоки шаарында (Висконсин штаты) башталган курултайда Республикалык партиянын Улуттук конвенциясы Дональд Трампты президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Трамп быйыл күзүндө өтө турган шайлоодо вице-президенттик кызматка талапкер катары Огайо штатынан сенатор Жеймс Вэнсти тандады.

Вэнс 2016-жылы Трампты кескин сынга алган. Бирок кийин анын ишенимдүү тарапташтарынын бирине айланып, жогорку кызматтагы башка республикачылар Трамптан жүз буруп кеткенде да аны колдоп турган.

«Жеймс Вэнс вице-президент катары биздин Конституциябыз үчүн күрөштү улантып, биздин аскерлердин абалына жооптуу болот. Мындан тышкары ал Американы кайрадан улуу кылуу үчүн мага колдон келген жардамын берет», – деп жазды Трамп өзүнүн Truth социалдык түйүнүндө.

Трамп өзүнүн талапкерлиги боюнча сунушту расмий түрдө 18-июль күнү кечинде кабыл алат деп күтүлүүдө.

Республикачылардын курултайы Пенсильванияда өткөн шайлоо алдындагы митинг учурунда Дональд Трампка кол салуу болгондон эки күндөн кийин ачылды. 15-июлда Флорида соту жашыруун документтерди мыйзамсыз сактоого байланыштуу Трампка козголгон кылмыш ишин токтоткон.

Демократтар президенттик кызматка өз талапкерин августтагы курултайында бекитиши керек. Ал өлкөнүн учурдагы башчысы Жо Байден болот деп күтүлүүдө.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрга белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM