Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы аттракциондорду иштетүү эрежелерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 353 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева аттракциондорду коопсуз иштетүү эрежелерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү сунуштап, министрлер кабинетине кайрылуу жолдоду.

Учурда бийиктиктен аркан менен секирүү аттракциондордун түрлөрүнүн тизмесине киргизилген эмес. Мындан улам Акыйкатчы институту аны аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары тизмеге кошууну сунуштады.

Мыйзамдарда механикалаштырылбаган аттракциондун бул түрүн коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча эч кандай талаптар каралган эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

«Кыргызстанда тоо туризминин ар кандай түрлөрүн жана экстремалдык көңүл ачууну ишкердиктин бир түрү катары өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Бул жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын иш менен камсыз болушуна шарт түзөт. Бирок адам өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо башкы фактор болушу керек. Мамлекеттик органдар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшү керек», — деди Жамиля Жаманбаева.

6-июлда Аламүдүн районунун Татыр айылында 39 жаштагы жаран экстремалдык аттракциондон секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, каза болгон. Ошол эле күнү Flуjump спорт комплексинин ээси кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси («Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу») менен иш козголгон. Кийин соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM