Биз менен байланышыңыз

17-июлдун аба ырайы

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 402 | 0

18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүң тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эртең, 17-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтөт, кээ бир райондордо жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM