Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалал-Абаддагы жарылууга байланыштуу үч адам кармалды

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 372 | 0

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек-жарак базары жана кызмат көрсөтүү департаментинин ишмердүүлүгүндөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Аталган  департаменттин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери жогорку кызматтагы аткаминерлердин ортосундагы байланышка жамынып, муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталды.

13-июлда аталган соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен бир сатуучу каза болуп, бир нече адам жараат алган.

Бул фактынын негизинде мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору И.К.Б.  жана инспектору А.Т.А., ошондой эле павильондун ээси М.З.А. кармалды.

Учурда болгон окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Жалал-Абадда 13-июлда алкоголсуз суусундуктар жана тез-татым сатылган күркөдө газ баллон жарылганы кабарланган. Беш адам жараат алып, жабырлануучулардын бири ооруканага жетпей каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM