Биз менен байланышыңыз

Казакстанда суу ресурстарын көзөмөлдөгөн комитет түзүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 250 | 0

Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин алдында Суу ресурстарын көзөмөлдөө, коргоо жана пайдалануу боюнча жаңы комитет түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматына таянып, Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жаңы мекеме сууну мыйзамсыз пайдаланууга, сууну эсептөөдөгү маалыматтардын бурмаланышына жана өлкөдөгү суу объектилериндеги мыйзамга каршы чарбалык ишмердүүлүктөргө каршы күрөш жүргүзөт.

«Министрлик суунун мыйзамсыз пайдаланышына каршы күрөштү өзгөчө көзөмөлгө алууда. Жаңы комитеттин иши мыйзам бузуулардын алдын алууга жана өлкөнүн суу ресурстарын коргоого багытталган. Бул биз мыйзамдарга сунуштаган өзгөртүүлөр менен бирге суунун «көмүскө базарына» каршы күрөштү кыйла күчөтүшү керек», – деди суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов.

Казакстан суу тартыш болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Аймагынын 2,8 % суу каптап турса, үчтөн эки бөлүгүн сууга жетүү оор болгон аймактар түзөт. Суу ресурстарынын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн келет.

Бийликтин маалыматына ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгында калкты суу менен камсыз кылуу шаарларда 98,9%, айылдарда 96,6% түзгөн. Өлкөнүн тогуз гана аймагы суу менен 100 пайызга камсыз болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM