Биз менен байланышыңыз

Ош: Сел алып кеткен аялдын кыздарынын сөөктөрү табылды

Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 408 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ошто сел агызып кеткен эки адамдын сөөгү табылганын билдирди.

15-июлда саат 14:30да Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 19 жаштагы Н.М., жана 10 жаштагы Н.М. аттуу кыздардын жансыз денеси табылды. Алар Андижан шаарынын өлүкканасына жеткирилген.

Бүгүн ошондой эле Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМдин куткаруучулары тарабынан аял кишинин сөөгү табылган.

Учурда бир аялды издөө иштери уланууда.

14-июлда жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, Оштогу борбордук базарды,  Төлөйкөн айылын суу каптаган. 44 жаштагы аялды үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткен. Мындан тышкары, Өзгүр айылында селден куткаруу иштерине жардам берип жаткан бир эркекти КамАЗ үлгүсүздөгү унаа тебелеп кетип каза болгону айтылган.

Ош облусунда түзүлгөн кырдаалга  байланыштуу калыбына келтирүү иш-чараларына ӨКМден өздүк курам менен кошо атайын техника үзгүлтүксүз иш алып барууда. Кара-Суу районунда ӨКМден жалпы 20 атайын, 15 инженердик техника иштеп жатат.

Сел сууларын сордуруп тазалоо үчүн 21 мотопомпо, кызматтарынан 17 техника тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM