Биз менен байланышыңыз

Селден кийин сөөгү табылган аялдын тек-жайы аныкталды

Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 610 | 0

Ошто Ак-Буура суусунан сөөгү табылган аялдын аты-жөнү такталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д . аттуу аял киши. Үч кызы менен сел агызып кеткен жаран.

15-июлда анын сөөгү Ак-Буура дарыясынан табылды. Ага чейин жети жашар кызынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган.

Өзгүр айылында селден куткаруу иштерине жардам берип жаткан бир эркекти КамАЗ үлгүсүздөгү унаа тебелеп кетип каза болгону айтылган.

14-июлда жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, Оштогу борбордук базарды да, Төлөйкөн айылын суу каптаган. 44 жаштагы келин үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM