Биз менен байланышыңыз

Ак-Буура дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды

Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 202 | 0

Бүгүн, 15-июлда саат 11:30 чамасында Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д . аттуу аял киши экени аныкталды. Аны үч кызы менен сел агызып кеткен.

Буга чейин сел агызып кеткен 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. 

Бүгүн издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.

Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM