Биз менен байланышыңыз

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 397 | 0

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталды. Кабыл алуу 5 тур менен өтөт. Биринчи тур 15–20-июль күндөрү болот.

15-17-июль сынакка катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо жүрөт. 17-июль саат 14:00дө каттоо аяктайт.

18-июль саат 10:00гө чейин окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелери жайгаштырылат.

18-20-июль саат 16:00гө чейин абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу керек.

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйрукту бекиткен. Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Copyright © 2017 Maral FM