Бүгүн, 15-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы 5 адамды суу агызгандыгы тууралуу маалымат келгенин билдирүүдө.
14-июль күнү Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40та 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыздынсөөгү табылган.
Бүгүн издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Алсак Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.
Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.