Биз менен байланышыңыз

Ошто сел агызып кеткен төрт жаран изделүүдө

Кыска кабар | 14 Июл 2024 | 446 | 0

14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлө болгонун билдирди. Аты-жөндөрү Д. Н.  1980-жылы туулган, кыздары М. 2005-ж.т. М. 2014-ж.т. , С. 2018-ж.т.

Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Ош шаарында 14-июлда катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып сел жүрдү. Сел суулары Оштогу борбордук базарды да каптады. 

Copyright © 2017 Maral FM