Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Балыкчы поезди 31-августка чейин күн сайын каттайт

Кыска кабар | 14 Июл 2024 | 435 | 0

15-июлдан 31-августка чейин Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди күн сайын каттай баштайт.

Поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:46да жетет. Кечкисин Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, Бишкектеги станцияга саат 22:18де келет.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционери, жумшак отургучтары, дивандары жана кошумча буфети бар үч ыңгайлуу вагон бар.

Баалары стандарттык вагондордо 5 жашка чейинки балдарга өзүнчө орун ээлебесе акысыз.

10 жашка чейинки балдарга 73 сом. Андан жогору курактагы жүргүнчүлөргө 150 сом.

Люкс вагондорго 5 жашка чейинки балдарга акысыз. 10 жашка чейинки балдарга 250 сом. Чоңдорго 500 сом.

ВИП вагондорго 5 жашка чейинки балдарга акысыз. 10 жашка чейинки балдарга 400 сом. Чоңдорго 800 сом.

Билеттерди сатып алууда жүргүнчүлөрдүн өздүгүн тастыктоочу документтерин көрсөтүү керек. Поездде ички жана эл аралык төлөм системалардын накталай жана накталай эмес төлөмдөрүнүн бардык түрлөрү бар.

Copyright © 2017 Maral FM