Биз менен байланышыңыз

Быйыл күзүндө BIF жана «Жашыл экономика» форуму өтөт

Кыска кабар | 12 Июл 2024 | 476 | 0
2022-жылы өткөрүлгөн Бишкек инвестициялык форуму.

Бишкек инвестициялык форуму (BIF) быйыл күзүндө 24-25-октябрда өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынан кабарлашты.

Иш чара чакан жана орто бизнестин ири компаниялар, инвесторлор, парламентарийлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча болуп калууда.

2015-жылы негизделгенден бери форумда ондогон келечектүү бизнес долбоорлор сунушталып, аларга 20 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция тартылган.

1066 долбоор жарыяланып, тандоонун натыйжасында каталогго 198и киргизилген. Анын ичинде 2015-жылы 6 долбоор,
2016-жылы 14 долбоор, 2017-жылы 11 долбоор, 2019-жылы 10, 2022-жылы 3 долбоор киргизилген.

Форумдун катышуучулары экономикадагы жана бизнес-чөйрөдөгү күтүлүп жаткан тенденцияларды, өзгөрүүлөрдү талкуулашат, ошондой эле кызматташуунун жаңы векторлорун табышат.

«Жашыл экономика» форуму

BIF менен катар акыркы үч жылдан бери «жашыл экономикага» арналган форум өткөрүлүп келет. Бул форум быйыл күзүндө дагы өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты, жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын, бизнес секторунун жана билим берүү мекемелеринин ортосунда тыгыз өз ара байланышты түзүү.

Форумдун алкагында Green Expo көргөзмөсү өтүп, анда компаниялар өздөрүнүн “жашыл” өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөтүшөт.

BIF 2024 платформасында инвестицияларды жана башка каржылоо түрлөрүн тартуу үчүн бизнес-долбоорлорду чогултуу башталды. Бардык ишкерлер арыз бере алышат.

Кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2024-жылдын 20-августу, 18:00.

( https://forms.gle/KmxKTQ91qZ9zJrqT8 )

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM