Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 34,3 млн доллар сатып алды. Бүгүнкүгө валюта курсу

Кыска кабар | 12 Июл 2024 | 506 | 0

Улуттук банк интервенция жасап, валюта базарынан 34 млн 300 миң АКШ долларын сатып алды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды. Бул жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 11-интервенция.

Акыркы убакта өлкөдө сомго карата чет элдик валюталардын курсу төмөндөөдө.

13-июлга карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар долларды орто эсеп менен 85,05 сомдон сатып алып, 85,84 сомдон сатууда. Улуттук банктын расмий курсу 85,31 сомду түздү. Акыркы суткада 0,21 пайызга төмөндөгөн.

Евро бүгүнкү күндө 92,02 сомдон сатылып алынып, 93,04 сомдон сатылууда. Расмий курс 92,5447 сомду түздү (өсүү 0,09 пайыз).

Орус рубли арзандады. Бишкекте 0,957 сомдон сатып алынып, 0,985 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын курсу 0,9657 сомду түздү (төмөндөө — 0,94 пайыз).

Казак теңгесинин курсу жогорулады. Учурда 0,1243 сомдон сатылып алынып, 0,1968 сомдон сатылууда. Расмий курс – 0,1799 сом (өсүү – 0,73 пайыз).

Copyright © 2017 Maral FM