Эртең, 12-июлдан тарта Бишкек шаарында №104 муниципалдык автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Бул автобустун акыркы аялдамасы “Эне-Сай” конушунда жана “Орто-Сай” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралыгы 15-17 мүнөттү түзөт.
Мэрия 104-автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилгенин белгиледи.
Буга чейин 10-июлдан тарта №25 жана №175 автобус каттамдары иштей баштаган. 25-автобустун акыркы аялдамасы “Ала-Тоо” жана “Кара-Жыгач” конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.
Ал эми №175 автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү “Жаштар кварталында” жана “Маевка” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.