Биз менен байланышыңыз

АКШ президенти: Украинага кошумча абадан коргоочу системалар берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 316 | 0

АКШнын президенти Жо Байден НАТО саммитинин ачылышында сүйлөп жатып, Украинага кошумча зениттик-ракеталык системалар берилерин билдирди.

«Украина биз экспорттоп жаткан абадан коргонуучу системаларды биринчилерден болуп алышы үчүн Вашингтон болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт», — деди ал.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, жакынкы айларда АКШ, Германия жана Румыния Киевге Patriot зениттик-ракеталык системасынан бирден беришет. Нидерланд да башка өлкөлөр менен чогулуп дагы бирди берет.

Байдендин белгилешинче, жалпысынан жыл соңуна чейин Украинага өз аймактарын Орусиянын ракеталарынан коргоочу жүздөгөн системалар берилет.

АКШ президенти ошондой эле америкалыктардын көпчүлүгү НАТО альянсы дүйнөнүн коопсуздугун сактарын билишерин белгиледи: «Америкалыктар билишет, биз досторубуз менен чогуу аракеттенген учурда бекембиз».

Украин президенти Владимир Зеленский 9-июлда Вашингтонго барганда НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, абадан коргонуучу системаларды, кыргын салуучу учактарды жана кошумча коопсуздук кепилдигин суранарын билдирген. Ал дээрлик согуш башталгандан бери Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга чакырып келген.

8-июль күнү эртең менен Орусиянын аскерлери Украинага ракеталык чабуулдарды жасап, жыйынтыгында ондогон киши каза болду. Украинанын президенти Зеленский орус тарап жалпысынан 40тан ашык ракета учурганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM