Биз менен байланышыңыз

Селден улам Баткендин аймагына өзгөчө кырдаал режими кирди

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 256 | 0

Бүгүн, 11-июль саат 10:00гө карата Баткен районунун Ак-Татыр айылынын Аэропорт, Өрүкзар жана Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесинде 131 куткаруучу жумуш алып барууда.

Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде 10 куткаруучу турак үй жана короосуна кирген сел калдыктарын тазалап жатышат. Ал эми ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 96 куткаруучусу Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары Ак-Татыр айылында селдин кесепеттерин жоюу иштерине 150 адам тартылган.

Кечээ, 10-июлдагы жаандан келген сел суулары турак үйлөргө, ички чарбалык жолдорго жана ички чарбалык жолдорго кирип, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район аймагында «Өзгөчө кырдаал» режими жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM