Биз менен байланышыңыз

Шаардык сот Адахан Мадумаровго карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 388 | 0

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата райондук сот чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу 10-июлда өткөн отурумда белгилүү болду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту буга чейин Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес. Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталган.

Алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган. Кийинчерээк Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, арыз жазган. Бул фактынын негизинде «алдамчылык» беренеси да кошулган.

Адахан Мадумаров шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

Саясатчыны 2023-жылдын 2-сентябрында ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдө жүргөндө кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM