Биз менен байланышыңыз

Канча ишкер патенттен башка салык режимине өткөнү белгилүү болду

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 231 | 0

Кыргызстандын аймагында 82 миң 886 ишкер, башкача айтканда патент менен иштегендердин 98%дан ашыгы башка салык режимдерине өтүштү.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Анын ичинен 65 миң 745 субъекти бирдиктүү салык системасын тандашкан, ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген «Дордой» жана «Тураталы эл базарында» иштеген 17 миң 141 ишкер өзгөчө салык режимине өтүшкөн.

2024-жылдын 1-июлунан тарта республикада патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулган.

Салык кызматы 1990-жылдары киргизилген патенттик система өлкөдөгү чакан жана орто ишкердикке дем берүүдө жана өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногонун, бирок ал салык төлөмдөрүн бирдей эмес бөлүштүрүү жана көмүскө экономиканын өсүшү сыяктуу бир катар терс кесепеттерге алып келгенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM