Биз менен байланышыңыз

УКМК Сот департаментинин кызмат адамдары кармалганын кабарлады

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 319 | 0

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин кызмат адамдары тарабынан акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, 4 млн 667 миң 672 сом өлчөмүндөгү акча каражатын «Мыйзамсыз ыйгарып алуу” фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен иш козголгон. Анын алкагында Сот департаментинин алименттер боюнча бөлүмүнүн башчысы Ж.М.О. жана Биринчи Май районунун сот аткаруучусу М.К.М. кармалды.

Маалыматка караганда, 2016-жылы кыргызстандык жаран Н.С. үйүн күрөөгө коюп, “Кыргызстан” коммерциялык банкынан 150 миң доллар насыя алган. Аны өз убагында төлөй албай калгандыктан 2022-жылы үйү банк өкүлдөрү тарабынан аукционго коюлган.

Үй сатылып, насыя төлөнгөндөн кийин калган акча жаранга которулушу керек болгон. Бирок сот кызматкерлери ич ара сүйлөшүп алып, жарандын атынан ишеним катты жасалмалоо аркылуу каражатты толугу менен өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM