Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 40ка жакын тоо-кен ишканасы экологияга 1,8 млрд сом зыян келтирди

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 350 | 0

Кыргызстанда 40ка жакын тоо-кен ишканалары экологияга 1,8 миллиард сомдук зыян келтирди. Бул тууралу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 298-беренеси «Иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу» жана 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча иликтенип жаткан иштердин алкагында, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймагында 2015-2023-жылдар аралыгында 40тай кен казуучу компания иш жүргүзгөн.

УКМКнын маалыматына караганда, бул компаниялар алтындын жана көмүрдүн запастарын өздөштүрүп, кайра иштетүүдө лицензияларынын мөөнөтү бүткөндөн кийин лицензиялык участокторду техникалык жана биологиялык рекультивациялашкан эмес.

Тактап айтканда, көзөмөлдөөчү органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугунан жер казынасын пайдалануучулар атайын рекультивациялоо фондуна акча каражатын которушкан эмес, мунун натыйжасында 517 гектардан ашык түшүмдүү жер жараксыз болуп калган.

Мындан тышкары, тоо-кен ишканалары кендерди иштетүүнүн алкагында алардын лицензиялык аянтына кирбеген аймактардан да пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алышкан. Ошол эле учурда, айрым участоктордо жер казынасын иштетүү 55 метрге чейинки тереңдикте мыйзамсыз жүргүзүлгөн, ал эми лицензиялык макулдашууда 12 метр тереңдиктен ашпоого тийиш  экендиги көрсөтүлгөн.

Мындан улам, экологияга 1,8 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

УКМК билдиргендей, тоо-кен компанияларынын ишин контролдоо максатында Министрлер кабинети тарабынан жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы «Жалал-Абад кен байлыктары» мамлекеттик ишканасын түзүү маселеси каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM