Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөн акча талап кылган милиционер кармалды. Бала инсульт алды

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 389 | 0

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан өспүрүмдөн акча талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

6-июлда милициянын күзөт кызматкери өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан чегинен чыгып, электрондук тамеки чегип отурган С.Ю. аттуу өспүрүмдү административдик жоопкерчиликке тартуу жолу менен коркутуп, андан акча талап кылып, банкоматтан акчасын чыгартып алган.

Моралдык-психологиялык кысымдын кесепетинен өспүрүм бала окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, «геморрагиялык инсульт» диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми милиция кызматкери өзүнүн кылмыштуу аракетин жашыруу максатында оор абалда жаткан өспүрүм баланы окуя болгон жерге калтырып, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 144-беренеси («Коркунучта калтыруу») белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүү катары милиция кызматкери С.Б.Б. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

26-июнда парламент вейп чеккендерге жана аны Кыргызстанга алып келүүгө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Бир катар депутаттар бул демилге укук коргоо органдарынын шантаж ыкмаларынын бири болуп каларын эскертишкен.

Copyright © 2017 Maral FM