Биз менен байланышыңыз

Киевге жасалган соккудан адамдар өлүп, балдар ооруканасы зыянга учурады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 427 | 0

8-июль күнү эртең менен Орусиянын аскерлери Украинага ракеталык чабуулдарды жасап, жыйынтыгында ондогон киши каза болду. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус тарап жалпысынан 40тан ашык ракета учурганын билдирген.

Маалыматка караганда, ракеталарды стратегиялык аскер учактары Каспий деңизинин үстүнөн кое берген. Украинанын бардык аймагында айгай жаңырып, Киевде жарылуулардын үнү угулуп, бийлик абадан коргонуу системалары иштеп жатканын маалымдаган.

Шаардык акимчилик атып түшүрүлгөн ракеталардын сыныктары Киевдин бир нече районуна кулаганын, бир катар имараттар зыянга учурап, өрт чыкканын билдирген. Киевдин мэри Виталий Кличко талкаланган имараттардын арасында балдар ооруканасынын имараты да бар экенин айтты. Түрдүү маалыматтар боюнча, андагы урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн.

Украин бийлиги Киевде жети киши каза болуп, ондон ашык адам жаракат алганын билдирди. Учурда маалыматтар такталып жаткандыктан, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылды.

Жарылуулар ошондой эле Украинанын Днепр, Кропивницк, Кривой Рог шаарларында, өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жана Донецк облусундагы кээ бир калааларда болгону кабарланды.

Кривой Рогдун башчысы Александр Вилкулдун айтымында, ракеталардын бири шаардагы административдик имаратка тийип, 10 киши каза болду. Донецк облустук акимчилиги Покровск шаарында үч киши өлгөнүн маалымдады.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, массалык чабуулдун бутасы кайрадан Украинанын электр энергетикасы болушу мүмкүн деп айтылууда. Киевдеги иш таштоонун натыйжасында үч трансформатордук көмөкчордон толугу менен талкаланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага массалык ракеталык сокку урулганын ырастап, максат “Украинанын аскердик өнөр жайынын объектилери” жана “Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык базалары” болгонун ырастаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM