Биз менен байланышыңыз

Франциядагы парламенттик шайлоо башаламандык менен коштолду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 382 | 0

Франциянын ички иштер министрлигинин маалыматтарына караганда, 7-июлда өткөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында «Жаны элдик фронт» солчул партияларынын коалициясы жеңип чыгып, улуттук ассамблеяда 182 орунга ээ болду.

Экинчи орунда Франциянын азыркы президенти Эммануэль Макрондун борборчул коалициясы “Республика үчүн бирге”, үчүнчү орунда Марин Ле Пен менен Жордан Барделланын оңчул «Улуттук Ралли» партиясы турат.

Алардан кийин «Республикалык» партиянын консерваторлору. Калган мандаттарды эркин депутаттар жана чакан бирикмелердин өкүлдөрү бөлүшөт.

Шайлоого катышуу 66,63 пайызды түздү.

Ошол эле учурда бир дагы саясий күч парламентте көпчүлүктү ала алган жок. Улуттук ассамблеяда 577 депутат бар жана көпчүлүк үчүн 289 орун керек.

Солчулдар 171-199 мандат алса, Макрондун тарапташтары 152-169 орунду ээлеши мүмкүн. Ал эми «Улуттук фронт» өнөктөштөрү менен 134-152 мандат алышы күтүлүүдө.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европарламенттеги шайлоодо француз оңчулдары жеңишке жеткенден кийин июнь айынын башында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү жарыялаган.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин кечинде Франциянын шаарларынын көчөлөрүнө эл чыкты.

Париждеги Республика аянтына миңдеген адам чогулду. Акция алгач тынч өтүп, кийин белгисиз адамдар фейерверк атып, таштанды челектерин, велосипеддерди өрттөп, аялдамалардын айнектерин сындырышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM