Биз менен байланышыңыз

Кытай жараны Кыргызстандан 350 миң долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 160 | 0

«Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары чек арадан мыйзамсыз акча алып өтүү фактысын аныктады.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөл учурунда 1971-жылы туулган кытайлык Л.Д. аттуу жарандан 30,6 миллион сом (350 миң АКШ доллары) акча каражаты табылган.

Ал акчаны декларацияда көрсөтпөстөн Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана акча каражаты компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM