Биз менен байланышыңыз

Ошто кармалган блогер үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 151 | 0

Ош шаардык соту буга чейин кармалган Гүлпери Жанышбек кызын үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаттары билдирди.

Ички иштер министрлиги Ош шаарында опузалап пара талап кылууга шек саналып, өзүн блогер катары тааныштырган жаран кармалганын 30-июнда кабарлаган. Облустук милицияга жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып, өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г. аттуу жаран акча опузалап талап кылып жатканын маалымдаган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тарта социалдык баракчаларына ал жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырам деп опузалап коркутуп, бир нече жолу акча каражатын алганы, андан сырткары IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө жүргүзүп, шектүү 50 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM