Биз менен байланышыңыз

ӨКМ тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 113 | 0

2-июлдан 7-июлга чейин туруксуз аба-ырайы болуп, аймактарда жаан нөшөрлөп жаайт. Буга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Жарандар арыктарды тазалап, жээгин бекемдеп, таштанды таштабашы керек.

Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арык болушу зарыл.  Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM