Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы ак ниет салыкчыларды аныктады

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 108 | 0

Мамлекеттик салык кызматы өлкөдөгү эң мыкты 12 салык төлөөчүнү аныктады. 1-июлда Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө сертификаттарды жана төш белгилерди тапшырды.

«Салык кызматынын милдети бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жана адилеттүү салык салууну түзүү, ал эми ишкерлер өз кезегинде биздин өлкөнүн мыкты келечегин куруудагы бизге колдоо көрсөткөн өнөктөшүбүз», – белгиледи Алтынбек Абдувапов.

Экономиканы өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүгө активдүү катышкандыгы, 2023-жыл жана 2024-жылдын беш айындагы иштердин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн төмөндөгүлөр Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүлөрү болуп аталды:

өндүрүш жана курулуш чөйрөсүндө  «Росс-Прокат КейДжи» ЖЧКсы, «СЖС Бишкек», «Пэйнто»ЖЧКсы;

соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө — «BM Technologies» ЖЧК, «Декодер+» ЖЧК, «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧК, жеке ишкер Асаналиева Дилбара Өмүргазиевна, «Кыргызгеофизика» АК, жеке ишкер Кадыржанов Тариэль Сыргабекович, жеке ишкер Толкумбаева Атыркуль Бердугуловна, жеке ишкер Рыскулбеков Тилек Жанаевич, жеке ишкер Имашов Ильчибек Дүйшөнкалыйович.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM