Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы чокулардын бирине «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» аталышы берилди

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 123 | 0

Президенттин 2024-жылдын 1-июлундагы Жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метрге жеткен аты жок чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылды.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерритин Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан  сүйлөшүүлөрүндө белгилүү болду.

2-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Гутерриштин Кыргызстанга сапары 1-июлда башталып, 3-июлда аяктайт. Андан ары ал Астанага (Казакстан) барат. БУУнун баш катчысы Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарын Өзбекстандан баштады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM