Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБинин жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 98 | 0

Бишкек жылуулук электр борборуна Нургазы Курманбековду жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Нургазы Курманбеков 2021-2022-жылдары жылуулук электр борбордун жетекчиси болуп иштеген. Андан кийин «Электр станциялары» ишканасынын жабдууларды эксплуатациялоо кызматынын жетектөөчү инженери болгон.

Ага чейин Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары, башкы инженери кызматтарын аркалаган.

Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси Алпбек Садыров өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM