Биз менен байланышыңыз

Азис Сапаралиев Экология министринин милдетин аткаруучу болду

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 133 | 0

Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Министр кызмат ордуна дайындоо үчүн Азис Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейинки экология министри Мелис Тургунбаев 26-июнда кызматынан бошотулуп, Улуттук банктын төрагалыгына дайындалды.

Азис Сапаралиев буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM