Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжада селге аккан төртүнчү жарандын сөөгү табылды

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 173 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Кулжа районунда селге аккан төртүнчү жарандын сөөгү табылганын кабарлады.

30-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда саат 22:15тер чамасында Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүргөн.  «Deo Матиз» үлгүсүндөгү унааны сел агызып кеткен. Ичинде 5 жаран болгон, анын бири жергиликтүү жарандар тарабынан куткарылып, калгандарын сел алып кеткен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары сел агызып кеткен жарандар бир үй-бүлө экенин жазышууда.

Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам  кечээтен бери издөө иштерин жүргүзүп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM