Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү ачылат

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 99 | 0

Бишкекте эртең, 29-июнда Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Бул тилке эртең, 29-июндан тарта унаа кыймылы үчүн ачылары кабарланды.

Бишкектеги чоң жолдорду капиталдык оңдоо иштери июнь айынын башында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM