Жогорку Кеңеш «Саясий жана диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Нурнланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Айдарбеков, Айбек Маткеримов.
Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган.
Атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушар болгон жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда 1937-1938-жылдары сталиндик репрессияга кабылган 137 чыгаан инсандын көмүлгөн жерин 1991-жылы Бүбүйра Кыдыралиева айтып берип, ал жай ошол кездеги коопсуздук кызматынын капитаны Болот Абдрахмановдун демилгеси менен ачылган. «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплекси ошентип пайда болгон. Ал жылдары атайын мыйзам менен 8 миңге жакын адам акталган.
Ошол кездеги иштердин башында турган тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын эмгек сиңирген ардагери, запастагы полковник Болот Абдрахманов 20 миң кыргызстандыктын тизмесин тактап «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары» аттуу китебине киргизген.