Биз менен байланышыңыз

Президент «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 27 Июн 2024 | 122 | 0

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 19-июнда кабыл алынган.

Максаты темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Мыйзам «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.

Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.

Copyright © 2017 Maral FM