1-3-июль күндөрү Бишкектин Куттубаев, Токомбаев, Айтиев, Жетикашкаев көчөлөрү менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлады. Өчүрүү орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болот.
«Бишкекгаз» газ кызматы абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.